Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/15
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2019-жылга карата инвестицияларды тартуу максаттары жөнүндө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2019-жылга карата Комбайн алуу долбоорунун өздүк салымына 1 250 000 (бир миллион эки жүз элүү миң) сом жана МТЗ -892 тракторун шаймандары менен алуу долбоорунун өздүк салымына 1093 000 (бир миллион токсон үч миң ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2019-жылга карата вететеринардык сервис куруу долбоорунун өздүк салымына 100 000 (жүз миң) сом жана перевалочный база куруу долбоорунун өздүк салымына 67 000 (алтымыш жети миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2019-жылга карата жайыттарды жакшыртуу долбоорунун өздүк салымына 200 000(эки жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
4. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2019-жылга карата төрт кыргыз үй алуу долбоорунун өздүк салымына 100 000 (жүз миң) сом жана ветеринардык жабдууларды алуу долбоорунун өздүк салымына 190 000 (бир жүз токсон миң) сом бөлүнүп берилсин.
5. Долбоорлордун өздүк салымына бөлүнгөн акча каражаттарын камсыз кылып берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
6. Долбоорлорду өз убагында сапаттуу ишке ашыруу жана акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы А.Жумабаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Исраиловго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |