Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/16
Сары-Камыш каналынын башталышындагы суу топтолуучу жайдын айланасы тосулбай айыл тургундарга, мал –жандыктарга коопсуздук жаратып коркунуч келтирилип жаткандыктан айланасын тосуу жана айыл тургундардын, мал –жандыктардын коопсуздугун сактоо жөнүндө айылдык кеңештин депутаты А.Бөрүбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Камыш каналынын башталышындагы суу топтолуучу жай (тундурма) райондук суу чарба башкармасынын (УОС) балансасында тургандыктан, айыл тургундардын, мал–жандыктардын коопсуздугун сактоону камсыздоо максатында суу топтолуучу жайдын айланасын тосуу жагы райондук суу чарба башкармасына (УОС) сунушталсын.
2. Сары-Камыш каналынын башталышындагы суу топтолуучу жайдын айланасын өз убагында сапаттуу тосуу жагы райондук суу чарба башкармасынын (УОС) башчысы Ж.Токтосуновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Исраиловго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |