Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 74
Ала – Арча айыл аймагынын социалдык коргоо боюнча адиси Кожобергенованын “Кѳп балалуу, майып, согуш ардагери, апрель окуясынын катышуучусу, Афган согушунун катышуучусу, каза болгон үй-бүлѳѳлѳргѳ жана арыз менен кайрылган муктаж болгон үй- бүлѳѳлѳргѳ жардам берүү” боюнча сунушун карап, талкуулап, Ала – Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кѳп балалуу, майып ж.б. ѳтѳ муктаж болгон үй – бүлѳѳргѳ арыз менен кайрылуунун негизинде социалдык паспорт болсо 3000 сомго чейин материалдык жардам кѳрсѳтүлсүн.
2. 3000 сомдон 10000 сомго чейин кѳрсѳтүлѳ турган материалдык жардамдар социалдык коргоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде ѳтѳ муктаж болгон үй-бүлѳѳлѳргѳ каралсын.
3. Каза болгон айыл аймактын туруктуу тургундарына кѳмүү үчүн туугандарынын арызынын негизинде 5000 сом бѳлүнүп берилсин.
4. Согуш ардагерлерине, катышуучуларына, Афган согушунун катышуучуларына, Апрель окуясынын баатырларына бир жылда бир жолу 2000 сом жардам кѳрсѳтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүрүгүзүү айылдык кеңештин Социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Дж. Узенов |