Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 78
Ала – Арча айыл аймагынын башлчысы Э. Бакасовдун “Мрамор орто мектебинин жаш адистерине, бала бакчанын тамак – ашына, ФАПтарга биринчи медициналык жардамга аймактын тескѳѳчүсүнѳ акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ” сунушун карап, Ала – Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Алтын Бешик” бала бакчасында тарбияланган балдардын тамак – ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча 18 сом ар бир балага ай сайын бѳлүнсүн.
Ата- энерлер взносу 1000 сом бир айга.
2. Бала – бакчанын адистерине жана жумушчулары үчүн ата – эне тѳлѳмү 50% жеңилдетилсин.
3. Мрамор орто мектебинин жаш адистерин колдоо максатында:
-Бишкек шаарынан каттап иштеген мугалимдердин жол кирелери ай сайын тѳлѳнүп берилсин
4. Муктаж болгон үй – бүлѳѳлѳргѳ биринчи медициналык жардам кѳрсѳтүү максатында дары – дармек алуу үчүн ай сайын Мрамор айылынын ФАП башчысы Исабекова С.И. 600 сом жана Рассвет айылынын ФАП башчысы Белекова Г. 400 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бѳлүнүп турсун.
5. Ала – Арча айыл аймагында кылмыштуулукка жол бербѳѳ үчүн аймактык тескѳѳчүсү Иманкулов Н. Жума сайын 25 л бензинге акча каражаты бѳлүнсүн
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Дж. Узенов |