Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 176
Айыл тургуну, Намазалиев Кудайбердинин туберкулёз оорусунан дарылануусуна акча каражатын сураган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну, Намазалиев Кудайбердинин туберкулёз оорусунан дарылануусуна акча каражатын сурап жазган арызы, ооруусун тастыктаган маалымкаттын негизинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү менен канаатандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |