Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 177
Айыл тургуну, Бейшеналиев Төрөгазынын өпкө оорусунан оор операция болгондугуна байланыштуу дарылануусуна акча каражатын сураган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну, Бейшеналиев Төрөгазынын өпкө оорусунан оор операция болгондугуна байланыштуу дарылануусуна акча каражатын сурап жазган арызы, оорусун тастыктаган маалымкатты тапшыргандан кийин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү менен канаатандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |