Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-майы № 1
Муниципалдык менчиктеги эскилиги жеткен техникаларды жана автоунааны сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жазылган катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын балансында турган эскилиги жеткен 1987-жылы чыккан 1 даана ГАЗ-53 жүк ташуучу техникасын, 1 даана ЮМЗ-6 экскаватор-тракторун, 2008-жылы чыккан ВАЗ 2107 кызматтык автоунаасын сатууга уруксат берилсин.
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктөрдү сатуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |