Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XV сессия
2019-жылдын 07-майы №2
Мүлктөрдү муниципалдык менчиктен оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 5-пунктуна жана 16-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 21.12.2018-жылдагы №04-09/3281-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областтык райондор аралык сотунун чечиминин негизинде Жалал-Абад шаарынын К.Жуматаев көчөсүндөгү Жалал-Абад шаардык алдын ала залалсыздандыруучу өзүн-өзү каржылоочу мекемесинин имаратын жана жалпы 0,22 га жер тилкеси менен кошо ошол мекеменин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 25.07.2016-жылдагы №6-609/16АД чечиминин негизинде Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан тери венерологиялык ооруканасынын «В» «Г» имараттары 0,8 га жер тилкеси менен ошол эле мекемеге оперативдүү башкарууга өткөрүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын К.Жуматаев көчөсүндөгү Жалал-Абад шаардык алдын ала залалсыздандыруучу өзүн-өзү каржылоочу мекемесинин имаратын жана 0,22 га жер тилкесин, Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан тери венерологиялык ооруканасынын «В» «Г» имараттары 0,8 га жер тилкеси менен кошо тийиштүү мекемелердин өздөрүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү үчүн иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана өткөрүү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |