Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XV сессия
2019-жылдын 07-майы №9
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мекемелеринин жаӊы дайындалган жана ротация жолу менен дайындалган жетекчилерин дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пуктунун 4-пунктчасына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.Мустапакулованын баяндамасын угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адылбеков Майрамбек Алымбекович – Жалал-Абад шаарынын I вице-мэри муниципалдык кызматына дайындоого уруксат берилсин.
2. Узакбаев Болотбек Узакбаевич - Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри муниципалдык кызматына дайындоого уруксат берилсин.
3. Ашанбаев Шерболот Бактыбекович- Жалал-Абад шаарынын Жашылдандыруу чарбасынын башчысы кызматына дайындоого макулдук берилсин.
4. Торокулов Элдияр Шаршенович – «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
5. Бакиров Төлөнбек Калдарбекович – Жалал-Абад сууканал башкармалыгынын башчысы кызматына ротация жолу менен дайындоого уруксат берилсин.
6. Жээнбеков Азамат Калысбекович – Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
7. Дүйшеев Автандил Салиевич - Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
8. Умуралиева Астрагүл Курманбековна - «Спутник» аймактык башкаруу мекемесинин жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
9. Алдосова Бактыгүл Садыбакасовна – «Курманбек» аймактык башкаруу мекемесинин жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
10. Нурумбетов Батырбек Жанышович - «Т.Тайгараев» атындагы аймактык башкармалыгынын башчысы кызматына дайындоого макулдук берилсин.
11. Маматова Алтыной Амиралиевна – «Достук» аймактык башкаруу мекемесинин жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
12. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
14. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |