Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 1
Муниципалитеттер арасында кызматташуу жобосун бекитүү
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Буркановдун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маселелерин жакшыртуу максатында муниципалитеттер арасында кызматташып иш алып баруу үчүн эки тараптуу кызматташуу жобосу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маселелерин жакшыртуу максатында муниципалитеттер арасындагы кызматташуу жобосу №1тиркемеге ылайык бекитилсин .
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, коомдук коопсуздук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | А.Масабиров |
Тиркеме №1.«БЕКИТИЛДИ»
Бешик-Жон айылдык кеңешинин
2018-жылдын 22-ноябрындагы
VII-чакырылышынын кезексиз
XI сессиясынын №1.токтому менен
“Өз алдынча башкаруунун органдары” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде иштелип чыккан, Кеңеш жана Бешик-Жон а/а жергиликтүү уюмунун Уставдары, Кеңеш а/а жана Бешик-Жон а/а муниципалдык мекемелер аралык кызматташуусу боюнча калдыктарды ташуу жумуштарды ишке ашыруу боюнча эрежелерин аныктайт.
Статья 1. Муниципалдык кызматташуунун укуктук негиздери:
Муниципалдык кызматташуу КР Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка укуктук-нормативдик актыларына, Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймактарынын укуктук-нормативдик актыларына, ушул тиркемеге, Кеңеш жана Бешик-Жон а/анын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Статья 2. Муниципалдык кызматташуунун максаттары:
Муниципалдык кызматташуу төмөндөгү максаттар менен жүргүзүлөт:
-Кеңеш жана Бешик-Жон а/а өз алдынча башкаруунун органдарынын жергиликтүү мааниге ээ суроолор боюнча калдыктарды башкарууну уюштуруп берүү.
- Жалпы айыл аймактардын кызыкчылыктарын коргоо жана көздөө.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.
-Социалдык-экономикалык, соода-сатык, илимий-техникалык, маданий, гуманитардык кызматташуусуна, ошондой эле калдыктарды башкаруу, таза суу менен камсыз кылуу, экология, жаштар саясаты, туризм жана спорт жаатындагы кызматташуулардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
-башка максаттарда каралат.
3. Статья Муниципалдык кызматташуунун формалары:
Муниципалдык кызматташуунун формалары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
-Муниципалдык келишимдерде, макулдашууларда катышуу. (келишим түзүү же түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга кошулуу).
-биргелешкен проектилерди жана социалдык-экономикалык, экологиялык-укуктук, илимий жана кадрдык мүнөзгө ээ программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
-өз ара аракеттешүүнүн башка формалары,
4.Статья Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймактарынын муниципалдык кызматташуусун уюштурууда катышуусунун эрежелери:
Өндүрүштүк кызыкчылыктарды, материалдык жана башка ресурстарды бириктируу максатында; калдыктарды башкаруу боюнча жергиликтүү мааниге ээ маселелерди чечүү үчүн өндүрүштү башкарууда укуктуу өкүл деп Жалал-Абад областык Кеңеш айыл аймагы жана Бешик-Жон айыл аймагынын “Кеңеш Тазалык” Муниципалдык ишканасы деп эсептөө.
КР мыйзамдарына жана жергиликтүү Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймагынын чечимдерине ылайык башка маселелерде муниципалдык бирикмелер, чарба коомдору жана башка муниципалдык уюмдар түзүлүшү мүмкүн.
Эки аймактын МК чечимине ылайык аймактардын башчыларынын муниципалдык кызматташуусун уюштуруу.
-Муниципалдык кызматташууну уюштурууда аймактардын кызыкчылыктарын көрсөтүшөт.
-Аймактардын атынан муниципалдык кызматташуудагы уюштуруу документтерине кол коюшат.
-Муниципалдык кызматташууну уюштурууда мыйзам чыгаруучулук жана уюштуруу документтеринде белгиленгендей башка ыйгарым укуктарды жүргүзүшөт.
Жергиликтүү коомдун Уставына ылайык муниципалдык кызматташуунун уюмунан чыгуу чечимин аймактардын жергиликтүү кеңештери (чыгарат) кабыл алат.
Муниципалдык кызматташуунун уюмдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын ыйгарым укуктарына ээ боло алышпайт.
5.Статья Муниципалдык кызматташуу жөнүндөгү келишимдерди жана макулдашууларды түзүү:
Аймактардын атынан аймактардын башчылары аймактар арасындагы калдыктарды башкаруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим түзүшөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу-тескөөчү органдарынын уюштурулушунда жана биригүүсүндө аймак башчылары аймак администрациясын көрсөтүшөт.
6. Статья
Муниципалдык кызматташууну уюштуруу жана АО уюштуруу документтеринде каралган мүчөлүк жана башка төлөмдөр, аймактардын катышуусу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Муниципалдык кызматташууда өз алдынча башкаруунун органдарынын катышуусуна байланыштуу чыгымдарды каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
7. Статья.
Эл аралык кызматташууда жана сырткы экономикалык байланыштарда катышуу.
Аймактардын өз алдынча башкаруунун органдары КРнын мыйзамдарына ылайык эл аралык жана сырткы экономикалык байланыштарды ишке ашырууга акылуу.
Жактардын колдору:
Кеңеш айыл аймагынын Бешик-Жон айыл аймагынын Кеңеш айылдык кенешинин Бешик-Жон айылдык кенешинин төрагасы : төрагасы:
_____________И.Каипов _____________А.Масабиров
(Ф.И.О) (Ф.И.О.)
“___”___________2018ж “_____”___________2018ж