Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2018-жылдын 22-ноябры № 2
Жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн эсебине “жер казынасын пайдалануу укугун лицензияны кармоо үчүн акы” төлөп келип түшкөн 1408,0мин сом акча каражатын 2018-жылга түзүлгөн сметага кошумча киргизүү жөнүндөгү ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 1408,0мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 14151200статьясына жана чыгаша бөлүмүнүн Р-70111,3111-статьясына 1208,0мин сом 3112-статьясына 200,0мин сом киргизилсин
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | А.Масабиров |