Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 2
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдан калган акча каражатын 2019-жылдын бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IIIсессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2018-жылдан калган 1515,4 мин сом акча каражатын 2019 жылга түзүлгөн сметасына киргизүү жөнүндөгү ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Абдыкаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2018- жылдан калган 1515,4 мин сом акча каражаты № 1,2 –тиркемеге ылайык бар экендиги белгиленсин.
2. Өткөн жылдан калган 1515,4 мин сом төмөнкү чыгымдарга жумшалсын. Жергиликтүү бюджеттен калган калдык Р-701ден 987,1 мин сомдун ичинен 837,1 миң сому 2221-статьясына (учурдагы ондоолор), 150,0 мин сому Канторага жабдууларды алуу учун жумшалсын
3. Атайын эсептик каражатта 2018-жылдан калган 528,3 мин сом акча каражаты сметага ылайык Р-70911ден 2215-статьяга 138,3 мин сом анын ичинен 90,0мин сом“Акканат” бала бакчасынын ижара акысына, 48,3мин сом бакчалардын турдуу чыгымдарына,стаья-2218 (тамак аш)учун 265,0мин сом, статья -3112 (Турдуу оборудованияларды алуу) учун 125,0 мин сом жумшалсын.
4. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн Финансы -экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясын жүктөлсүн.
Төрага | А.Масабиров |