Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
2018-жылдын 27-декабры №5
Баймундуз айылын,Акман айыл аймагына Караштуу Жараке,Кош-Коргон,Жаны-Акман, Кайырма жана Колот айылдарындагы элдерин таза суу менен камсыздоого 0,80га кайракы айдоо жер тилкесин гидротехникалык курулуш (суу сактоо үчүн резервуар) курууга которуу жана ажыратуу (трансформациялоо) жөнүндө Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун арызын кароо жөнүндө
Акман айыл өкмөт башчысы М.Коконовдун 2018-жылдын 6-декабрындагы кириш №01-20/374сандуу арызы боюнча Акман айыл аймагынын элдерин “таза суу менен камсыз кылуу максатында таза суу линияларын куруу долбоору” Бешик-Жон айыл аймагы аркылуу өтүп жаткандыктан, Баймундуз айылына жакын жайгашкан кайракы айдоо №221контурунан 0,80гектар жер тилкесине гидротехникалык курулуш (суу сактоо үчүн резервуар) курууга Айыл чарба багытындагы жерлеринен өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жана ажыратуу (трансформациялоо)жолу менен пайдаланууга берүү максатында Бешик-Жон айыл аймагынын администрациясы тарабынан сунушталган материалдар менен таанышып жана аны талкуулап чыгып Бешик-Жон айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын элдерин “Таза суу менен камсыз кылуу максатында таза суу линияларын куруу долбоору” Бешик-Жон айыл аймагы аркылуу өтүп жаткандыктан,Баймундуз айылына жакын жайгашкан кайракы №221контурунан 0,80гектар жер аянты Акман айыл аймагынын Жараке,Кошкоргон,Жаны-Акман,Кайырма жана Колот жана Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын элдерин таза суу менен камсыз кылуу үчүн Айыл чарба багытындагы жерлеринен өнөрй жайынын, транспорттун,байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жана ажыратуу(трансформациялоо) жолу менен пайдаланууга берүү максатында, багытын которууга макулдук берүү менен аткарууга алынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169токтому менен райондук денгээлде түзүлгөн комиссияга сунуштоо Бешик-Жон айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | А.Масабиров |