Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
2018-жылдын 27-декабры №6
Аксакалдар сотунун төрагасы Сулайманкулов Жамалдиндин сунушу жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ,
Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасынын Бешик-Жон айылынын борборундагы стадионго курулган спорт комплексине Бешик-Жон айылыы тургуну маркум Нурадил Масабировдун ысымын ыйгаруу суушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Борборундагы стадионго курулган спорт комплексине жана жалпы стадионго Бешик-Жон айылынын тургуну маркум Нурадил Масабировдун ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомду Бешик-Жон аыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | А.Масабиров |