Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
2018-жылдын 27-декабры №11
Материалдык жардам бөлүп берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ,
Жон айылынын тургуну Каландаров Кубанычтын айыл өкмөткө чоң суммада материалдык жардам сурап кайрылган арызы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну Каландаров Кубаныч өтө оор акыбалдагы майып болуп, баспай калгандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен 10000(он мин) сом өлчөмүндө материалдык жардам берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Масабиров |