Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2019-жылдын 18-январы № 22/90
Айыл аймагында статитикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-жылдагы № 202 токтомунун негизинде статитикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү боюнча Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомдун негизинде статитикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү боюнча Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кош-Дөбө айыл аймагынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Мамлекет тарабынан ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113 беренесинин 2 пунктуна ылайык, зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттары менен кошо өткөрүп берсин.
3. Эки тараптуу келишимди мыйзамдын талаптарына шайкеш келишин айыл өкмөтүнүн башчысы жана райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |