Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы №1
Кеңеш айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү максатында Кенеш айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезектүү X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата 17 пунктан турган иш планы алымча кошумчасы менен жактырылып бекитилсин.
2. Бекитилген иш планды ишке ашыруу туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |