Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдан калдык болуп калган 4792,9 мин сом жана атайын каражаттардан 162,7 мин сом акча каражаттары 2019-жылга сарпталышы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдан калдык болуп калган 4792,9 мин сом жана атайын каражаттардан 162,7 мин сом акча каражаттары 2019-жылга сарптоо үчүн айылдык Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы Апсаматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылдан калдык болуп калган 4792,9 мин сом жана атайын каражаттардан 162,7 мин сом акча каражаттары 2019- жылга пайдалануусу жактырылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдан калдык болуп калган төмөндөгү 70111 разделдин 2214 статьясына 1,0 мин сом, 2215 статьясына 350,0 сом, 3111 статьясына 1218,3 мин сом, 3112 статьясына 18,7 мин сом, 70629 разделге 2214 статьясына 20,0 мин сом, 3111 статьясына 3074,3 мин сом, 3112 статьясына 110,0 мин сом, раздель 70921 сш 2222 статьясына 0,6 мин сом, жалпы 4792,9 мин сом бюджеттик каражатка жана атайын каражаттан калган акча каражатты 70111 разделдин 2215 статьясына 3,9 сом, 70823 разделдин 2215 статьясына 2,6 мин сом, 70911 разделдин 2222 статьясына 156,2 мин сом атайын каражат эсебине сарпталышы бекитилип, райондук каржы башкармалыгына такталган планга киргизип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик–укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Омурзаков |