КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 3
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү максатында Кенеш айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезектүү XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата 29 пунктан турган иш планы алымча кошумчасы менен жактырылып бекитилсин.
2. Бекитилген иш планды турмушка ашыруу айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Омурзаков Рахманга тапшырылсын.
Төрага | И.Каипов |