Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 5
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджетинин иш-планын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга белгиленген бюджетин бекитүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга белгиленген бюджети бекитилсин.
2. Кенеш айыл аймагындагы жакынкы жана алыскы жайытка мал, жылкы башына жүз сом, кой, эчкиге башына жыйырма сомдон бекитилсин.
3. Мал жайытынан тышкары ижарага бир гектары 1300 (бир миң үч жүз) сомдон бекитилсин.
4. Кеңеш Жайыт комитети эки штат менен (Жайыт комитетинин төрагасы жана эсепчиси) бекитилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |