Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2018-жылдын 11-январы №6
Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Тазалык” ишканасынын 2019-жылга бюджетинин иш-планын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Тазалык” ишканасынын 2019-жылга белгиленген бюджетин бекитүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Тазалык” ишканасынын 2019-жылга белгиленген бюджети бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |