Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 11-январы №7
Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Гөлөгөн”таза суу ишканасынын 2019-жылга белгиленген бюджетинин иш-планын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Гөлөгөн” ичүүчү таза суу ишканасынын 2019-жылга белгиленген бюджетин бекитүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт “Гөлөгөн” ичүүчү таза суу ишканасынын 2019-жылга белгиленген бюджети бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |