Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 8
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын 1-Май айылынын Кенгоо участкасына ат коюу максатында айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык-маданий маселелер, жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комитеттердин сунуштарын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XIV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 1-Май айылынын Кенгоо участкасы Кенгоо көчөсү деген ысымы боюнча калтырылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |