Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 11-январы № 9
жер салыгын (не сельхоз) 2,0 коэфицентке көтөрүү жөнүндө
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы Карабаева Гулжандын сунушун талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 338-беренесине негиз Кеңеш айыл аймагында айыл чарбасына арналбаган жер салыгы 2,0 коэфиценти менен төлөнсүн.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |