Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 11-январы №10
Бала бакчалардын жетекчилеринин кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн бала бакчаларынын жетекчилеринин кайрылуусунун негизинде 2019-жылга карата бала бакчалардагы балдарды түрдөп тамактандырууга ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 3 “Ак-Бермет”, № 21 “Жеткинчек”, № 25 “М.Абдыкадырова, № 26 “Индиго”, №27 “Мамалак”, №29 “Бурул эне”, №33 “Айшоола” бала бакчаларында өткөрүлгөн чогулуштагы протоколдордун негизинде, балдарды түрдөп тамактандырууга ата-энелердин төлөмү 400 (төрт жүз) сом деп бекитилсин.
2. Ата-энелер аркылуу төлөнүүчү төлөмдү көзөмөлдөө ар бир бала бакча жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |