Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
2019-жылдын 29-марты №15
Кызыл-Октябрь айыл тургуну Закиров Баарандын ысымын көчөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылынын жашоочуларынын элдик жыйындын протоколуна жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык-маданий маселелер, жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комитеттин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XV – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Закиров Баарандын ысымы Бааранов Султандын үйүнөн баштап сайга чийинки аралыктагы көчөгө берилсин.
2. Аталган көчөнү Закиров Бааран деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Закиров Баарандын балдарына, тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |