Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
2019-жылдын 29-марты №28
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык кеңешинин айылдык депутаттарынын Ардактуу атуул наамын берүү боюнча элдин сунушуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагында жашап, үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык ак эмгегин баалап Каражыгач айылынын тургуну Салиев Раимбердиге Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |