Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 30
“Гөлөгөн-суу” ИСКАКБсын жана “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасын бириктирүү жолу менен оптималдаштыруу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Шыдыр, Коткор, Аук айылдарынын калкын таза ичимдик суу менен камсыз кылып жаткан “Гөлөгөн-суу” ИСКАКБсынын мүчөлөрүнүн 14.03.2019-жылдагы чогулушунун чечимин эске алып калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү максатында Кеңеш айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы “Гөлөгөн-суу” ИСКАКБысы “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасын бириктирүү жолу менен оптималдаштырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде укуктук актыларды даярдоо жана тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымдоо Кеңеш айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |