Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XV- сессиясы
2019-жылдын 29-марты № 31
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагында 2020-жылы жүргүзүлө турган жарандарды жана турак жайларды каттоого алуга чыгымдалуучу акча каражатына жергиликтүү бюджеттен 151000 (бир жүз элүү бир миң) сом бөлүнсүн.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |