Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XV- сессиясы
2019-жылдын 29-марты № 35
Жайыт комитетиндеги авто грейдер 98ди пайдалану жана айдоочунун айлык маянасын чечүү жөнүндө
Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты К.Айдаровдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кеңеш айыл аймагынын жолдоруна жана жайыт жолдорун оңдоого механизаторго саатына 200 (эки жүз) сом жана коммерческий баасы 5000 (беш миң) сомдон иштөө тартиби такталып графиги түзүлүп берилсин.
Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |