Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XV- сессиясы
2019-жылдын 29-марты № 35
«Көкчөгөз жамааты» коомдук бирикмесинин Уставынын долбоорун бекитүү жөнүндө
«Көкчөгөз жамааты» коомдук бирикмесинин Уставынын долборун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 55-беренесинин 3-пунктун жана Кыргыз Республикасынын «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» мыйзамынын 10,15-беренелерине ылайык, Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Көкчөгөз жамааты» коомдук бирикмесинин Уставынын долбору бекитилсин. Кеңеш айыл өкмөтүнө «Көкчөгөз жамаатын» түзүү жана өнүктүрүү, анын өз алдынча башкаруу укутарын жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү жүктөлсүн.
2. «Көкчөгөз жамааты» коомдук бирикмесинин чек арасы К.Абдраимов, М.Турдиев, А.Тойчиев, Д.Жээнбаев, С.Кылычев, А.Мамытбеков көчөлөрүнүн чек арасы менен чектөө белгиленсин. (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 55–беренесинин 3-пунктуна ылайык).
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Омурзаков Рахманга тапшырылсын.
Төрага | И.Каипов |