Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2017-жылдын 06-январы № 1
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлу N 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 28-беренесин жетекчилике алып жана Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү I сессиясынын күн тартибиндеги “Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселесин карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын 1 токтому бекитилсин (токтом тиркелет).
2. Кеңеш айылдык кеңешинин төрагалыгына 18 добуш менен Омурзаков Абдырахман жеңүүчү болуп табылып, төрагасы болуп шайлансын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы Омурзаков Абдрахманга милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |