КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлу № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын” 49-беренесин жетекчилике алып жана Кеңеш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү II-сессиясынын күн тартибиндеги “Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө” маселесин карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү II – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон райондук аймактык шайлоо комиссиясынын, эсептөө комиссиясынын токтому бекитилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчылыгына 18 добуш менен Омурзаков Рахман Бакирович жеңүүчү болуп табылып, айыл өкмөт башчы болуп шайлансын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |