Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2017-жылдын 18-апрели № 2
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын III-сессиясынын № 1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын III-сессиясынын № 1 токтомунун Айыл чарбачылыгы жана муниципалдык менчик жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиянын № 2 протоколуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбачылыгы жана муниципалдык менчик жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиянын № 2 протоколун эске алуу менен Аскаров Төлөгөн өз арызынын негизинде туруктуу комиссиянын төрагалыгынан бошотулуп депутат Анаркулов Турусбек аталган туруктуу комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |