Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2017-жылдын 18-апрели № 3
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын айыл башчысынын сунушу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын айыл башчысынын сунушундагы ичимдик сатып жаткан дүкөндөргө чектөө коюуу максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дүкөндөрдө сатылып жаткан ичимдиктерге (арак-шарап) түнкү 1200дөн кийин сатылганына чектөө коюлсун.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |