Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2017-жылдын 18-апрели № 4
“Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасына штаттык бирдигин жана айлык акысын бекитүү жөнүндө
“Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасына толук кандуу иш жүргүүзүү үчүн штаттык бирдигин жана айлык акысынын бекитип берүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасын штаттык бирдиктери жана айлык акылары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
(тиркеме тиркелет)
2. Акча каражатын айландыруу өздүк чарбалык эсебинен жүргүзүсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |