Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2017-жылдын 18-апрели № 5
Аук айылынын жашоочуларынын протоколуна негиз Ажибаев Тилектин ысымын көчөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Аук айылынын жашоочуларынын протоколуна жана Кеңеш айылдык Кеңешинин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык-маданий маселелер, жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Аук айылынын тургундарынын 23.02.2017-жылдагы жыйналышынын протоколуна негиз аталган айылда жайгашкан Көчөров Абакир көчөсүнөн күн чыгышты карай Мусалиев Базарбайга чейинки жаңы ачылган көчөгө Ажибаев Тилектин ысымы берилсин.
2. Аталган көчөнү Ажибаев Тилек деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Ажибаев Тилектин тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда коюлган ысым жокко чыгарылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |