Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2017-жылдын 18-апрели № 5
Ичүүчү таза сууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагында жашап жаткан жашоочуларды ичүүчү таза сүү менен камсыз кылуу максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы жашоочулардын гигиеналык тазалыгын, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу менен ичүүчү таза сууга 100 000 сом акча каражатын таап берүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнун башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |