Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2017-жылдын 18-апрели № 7
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдагы № 01-6/279 сандуу кайрылуусунда Кара-Жыгач айылына АТРдин имаратын кечиктирилгис түрдө куруу максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санарип системасы киргизилгендигине байланыштуу Кара-Жыгач айылына АТРдин имаратын курууга акча каражатын таап берүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнун башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнун башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |