Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 3
Кенеш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга түзүлүшүн бекитүү жөнүндө 2019-2020 жылдарга болжолу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017 -жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2019-2020 жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү Ф.Э.Б.башчысынын милдетин аткаруучу Н. Караеванын бирдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагынын 2017-жылга бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Караева Назигулдүн отчету жактырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 24 млн 129 мин 700 сомго, № 1-2-тиркеме ылайык ал эми чыгаша бөлүгү 25 млн 129 мин 700 сом ал эми анын ичинен атайын каражаттын киреше бөлүгү 2 млн 524 мин 600 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 2 млн 524 мин 600 сом бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын «Жайыт жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрүнө байланыштуу жайыт комитетинин бюджети киреше бөлүгү 1 млн 57 сомго ал эми чыгаша бөлүгү 1 млн 57 сомго бекитилсин. Жайыттын киреше төлөмдөрүн планын аткаруу Абдулакимов Эмилге милдетендирилсин.
4. 2019- жылга кирешелер боюнча болжол 24 млн 521 миң 400 сом суммасында,2020-жылга 25 млн.574 миң 400 сом суммасында № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2018- жылга чыгашалар боюнча болжол 24 млн 521 миң 400 сом суммасында,2020-жылга 25 млн.574 миң 400 сом суммасында № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2017-жылы Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендөөчү гранттардын өлчөмдөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айыл аймагынын 2018-жылга бекитилген бюджеттин беренелерде көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө кирше булактарынын пландарын аткарууну камсыз кылуу айыл аймагынын салык бөлүмүнүн башчысы Г.Карабаевага милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Кенештин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Кеңеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүлүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, салык инспекциясынын макулдугу менен жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген уведомлениелердин негизинде чектөө планына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоо айыл аймагынын Ф.Э.Б.нүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Караевага милдеттендирилсин.
9. «Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүштүрүлүп берилген жана теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон жана коммуналдык беренелерине каралары белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекстин” 24-беренесинин негизинде жалпы бюджеттин 1,0 пайызы же 266,0 мин сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фонду болуп бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекстин» 110-беренеси Кенеш айыл аймагынын 2017-жылга жүгүртүүдөгү кассалык акчанын көлөмү 50 (элүү) миң сом болуп бекитилсин.
12. Кеңеш айыл аймагынын табият кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2018-жылга кол тийгис 500,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана ал каржатты максаттуу пайдаланылсын.
13. Кеңеш айыл аймагынын «Жарандык коргоого» бөлүнгөн 100,0 мин сом акча каражаты «Жарандык коргоо» комиссиясынын иш планын негизинде комиссиянын чечими менен иштетүү милдеттендирилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8 - июль күнкү № 403 токтомуна негиз Кеңеш айыл аймагынын кызматкерлеринин штаты 20 бирдик санында жана 4 штаттык бирдик санында техникалык тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8 - июль күнкү № 403 токтомуна эскертмесине негиз айыл аймагынын Аскердик Каттоо Бөлүмүнө 6 штаттык бирдикте инспекторлордун кызматы бекитилсин.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №268 “Маданият искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине 10 штаттык бирдик санында бекитилсин.
17. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 52-беренесине негиз айыл аймагындагы 9 айылга айыл башчынын кызмат орду киргизилсин.
18. Кеңеш айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасына ай сайын 1172,5 (бир мин бир жүз жетимиш эки сом элуу.т) сомдон айлык акы бюджеттин түрдүү чыгымдар беренсинен төлөнүп берилсин.
19. Кеңеш айыл аймагынына караштуу айылдардагы мал жана канаттуулардын санын тактоо өз уручурунда уколдоп жана дарылоону учурунда камсыз кылуу жана отчетторун жүргүзүү үчүн бюджеттин түрдүү чыгымдар беренесинен малчарба жана ветеринардык кызматы үчүн келишимдин негизинде 116,5 мин сом социалдык төлөмдөр жана чегерүүлөр ичинде кызмат акысы белгиленсин.
20. Кеңеш айыл аймагындагы орчундуу деп эсептелген көйгөйлүү маселелерди каржылоого 626 мин 500 сом акча каражаты ажыратылсын жана бул сумманы айылдарга бөлүштүрүп мыйзамдуу сарпталышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
21. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Караевага тапшырылсын.
22. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
23. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко жүктөлсүн
Төрага | А.Омурзаков |