Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 6
Айыл макамын ыйгарууну сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 25.05.2017-жылы кабыл алынган мыйзамдын 3-беренесине ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл айылынын тургундарынын кайрылуусуна негиз, Кенеш айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезектүү X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык Кеңеш айыл аймагына караштуу “Кызыл “ айылына айыл макамын берүү сунушу киргизилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |