Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 7
Аркалык маала айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу Аркалык маала айылынын тургундарынын арызына негиз, Айыл-чарбачылыгы жана муниципалдык жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 1997-III- токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү Типтүү жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобонун талаптарына ылайык арызды чечип ижарага берүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |