Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 9
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин коомчулуктун атынан кайрылган кайрылуусун угуп талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектүү X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүүдө кошкон чоң салымы үчүн АРИСтин областык координатору Токоев Сапарга жана эксперти Жумабеков Кубанычка Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |