Редакцияот 23.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы

2018-жылдын 23-январы № 10

“Кенеш айыл Өкмөтүнүн 100 жылдык тарыхый баяны” китебинин чыгышына колдоо көрсөтүү жөнүндө

“100-жылдык кылым долбоору” редакциясынын редактору, китептин башкы редактору Р. Калматовдун кайрылуусун талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү X-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Кенеш айыл Өкмөтүнүн 100 жылдык тарыхый баяны” аталышындагы тарыхый энциклопедия китебин чыгарууга колдоо көрсөтүү максатында 20 даана китепке (жыйырма миң) сом акча каражаты каралсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Омурзаков