Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 11
Кеңеш айылдык Кеңешинин депутаты У.А.Курбаналиевдин кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Аук айылынын тургуну Эрмекова Тансулуунун арызын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Аук айылынын тургуну Эрмекова Тансулуунун арызын канааттадыруу боюнча жарандарга берилүүчү материалдык жардам эсебинен ага 20 000 сом акча каражатын ар квартал сайын 5000 сомдон эсептик счетуна которуп берүү жагы Кеңеш айыл Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна тапшырылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |