Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 12
Кеңеш айыл аймагынын Аук айылындагы көчөгө ат коюу жөнүндө
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Аук айылынын тургундарынын протоколунун негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Аук айылынын О.Исмаилов көчөсүнөн ылдый Совет айылынын Арпачы участкасына чейинки аралык Караев Абдукамал атындагы көчө деп бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |