Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 13
“Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору алкагында “Кеңеш” тазалык ишканасынын тейлөөсүндө болгон 23 (жыйырма үч) өтө жакыр үй бүлөлөргө төлөм акыларын 50% төмөндөтүү жөнүндө
“Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун турмушка ашырууда жергиликтүү бюджеттен өтө жакыр үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кенеш айыл аймагында “Кеңеш” тазалык ишканасы тейлеген айылдарда жашаган өтө жакыр 23 (жыйырма үч) кожолукка тейлөө акыларынын 50% жергиликтүү бюджеттен төлөнүп “Кеңеш” тазалык ишканасынын эсебине которуп берүүнү уюштуруу жагы Кеңеш айыл аймагынын Финансы – Экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |