ТоктомКүчүндө

Кенеш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 1 «Кеңеш айыл өкмөтүндөгү сугат, кайракы, чөп чабынды жайыт жерлеринен жана кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин менчик турак жай салуу үчүн жер участка ажыратып берүү жөнүндө түшкөн арыздары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жер адисинин аткарган иштери жөнүндө» токтому

Редакция25.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясы

2018-жылдын 25-апрели № 1

Кеңеш айыл өкмөтүндөгү сугат, кайракы, чөп чабынды жайыт жерлеринен жана кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин менчик турак жай салуу үчүн жер участка ажыратып берүү жөнүндө түшкөн арыздары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жер адисинин аткарган иштери жөнүндө

Кенеш айылдык кенешинин VII - чакырылышынын кезектүү XI-сессиясы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жер адисинин аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун жана жер адис Б.Молдокуловдун аткарган иштеринин маалыматы боюнча отчету жактырылсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Омурзаков