Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2018-жылдын 25-апрели № 3
Салык төлөмдөрүнүн базалык ставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык жергиликтүү кеңештер айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасына негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык 2018-жылга айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасы эски жылдагы төлөм менен төлөнсүн.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук атыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |