Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2018-жылдын 25-апрели № 4
“Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору алкагында “Гөлөгөн-Суу” ишканасынын тейлөөсүндө болгон 23 (жыйырма үч) өтө жакыр үй бүлөлөргө төлөм акыларын 50% төмөндөтүү жөнүндө
“Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун турмушка ашырууда жергиликтүү бюджеттен өтө жакыр үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кенеш айыл аймагында “Гөлөгөн-Суу” ишканасы тейлеген айылдарда жашаган өтө жакыр 23 (жыйырма үч) кожолукка тейлөө акыларынын 50% жергиликтүү бюджеттен төлөнүп “Гөлөгөн-Суу” ишканасынын эсебине которуп берүүнү уюштуруу жагы Кеңеш айыл аймагынын Финансы – Экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук атыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |